Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясы билдирди.
Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан.
«Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт»,-деп жазылат билдирүүдө.
" Fabula.kg" сайтынын жамааты саясатчы Өмүрбек Текебаевга апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.