У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Маркум Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова84 жашында 27-апрелде дүйнө салды. 
Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 28-апрелде Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө өтүүдө. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Өмүр баяны:
Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган.
1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы "Эмгек ардагери" медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган.
Маркум Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр сүрүп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду. Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тагыраагы, 25-апрелде каза болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter