У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Молдого барганда жакшы болуп калдым деген эле..." Кадыр Жарматов жубайы уруштан эмес, оорудан улам өзүнө кол салганын жазды


Социалдык тармактарда тамашоучу Кадыр Жарматовдун жубайы өз өмүрүнө өзү кол салгандыгы тууралуу маалымат тараган. Шоумен аталган маалымат чындыкка дал келе тургандыгын, келинчеги үй-бүлөлүк жаңжалдан эмес, аны азгырган оорудан улам мындай жолго баргандыгын жазып чыкты:

"Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту, Каныкейим неге бул ишке бардың экен?. 4 жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп олтуруп, 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым "апам качан келет" деп сурап жатат. Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй түндөсү "апа" деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат. Эмнеге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылдым, мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду, биз кыйналдык! Жүрөктө күйүтүм калды.
Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганда "жакшы болуп калдым" дедиң эле го. Эмнеге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары. Сени өмүр бою унутпайбыз, биз үчүн сен тирүүсүң. Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойтконго аракет кылам, апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм, бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп жакшы жат, менин түбөлүктүү сүйүүм!
Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл, журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип, билбей менин үй-бүлөмө туура эмес карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар Аллахтан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөндөр гана түшүнөт.
Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем. Эркектер, аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо, жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем!", - деп айтылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter