Буга чейин Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинстин суракка чакырылганы айтылган. Анын айыбы тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат берди.
Маалыматка караганда, 12-март күнү Эндрю Качинстин аты жазылып университеттин дарегине Дубайдан жөнөтүлгөн посылканын ичинен баңгизат чыкканы туурасында материалдарды Бажы кызматы ИИМдин Тергөө кызматына жиберген.
"Коштоочу документинде посылканын ичинде документация бар экени жазылган. Бирок текшергенде кагаздар эле эмес, полиэтилен пакетине оролгон сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк, кызыл-ак түстөгү капсулалар чыккан. Анын сыртында алуучунун абоненттик номери да көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгында баңгизат экени аныкталып, посылка териштирүү бүткөнчө камакка алынган", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү бул факты Жазык кодексинин 267-беренеси менен КЖБРге катталып, Тергөө кызматы сотко чейинки териштирүүнү баштаган.
Алынган таблетка, капсулалар экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында курамында психотроптук зат бар экени аныкталган.
Бул кылмыш иши боюнча Качинстин жашаган үйү жана автоунаасы тинтүүгө алынган.
ИИМден университеттин президенти күбө катары суракка чакырылганын белгилешти. Ал сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген.
Учурда тергөө уланууда, алынган каражттар кошумча экспертизага дагы жөнөтүлгөн.