Бишкек шаарынын тургуну Улан Айнидинов өзүнүн эжеси карыган өз энесин үйдөн кууп чыкканын айтып Kaktus.media редакциясына кайрылган.
Айнидиновдун айтымында, 1955-жылы туулган Жамалкан Эгимбаева 2013-жылы үч бөлмөлүү батирин сатып, Кара-Жыгачтан үй сатып алган. Үйдү Жамалкан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде бул кызы Аселге каттатып койгон.
2019-жылы Асел үйдү уулу Мирлан Талант уулуна кайра каттаткан. Бирок муну ал бул үйдө жашаган апасына да, инисине да айткан эмес. Жамалкан Эгимбаева бул тууралуу сотко барган учурда гана кабардар болгон.
«Биздин энебиз жалгыз үч баланы тарбиялап өстүрдү. Ар бирибиздин экиден дипломубуз бар. Атам эрте каза болуп калган эле. ду. Ал азыр мындай кордукту көрө турган эмес эле»,-дейт Улан Айнидинов.
2020-жылдын 6-октябрында Октябрь районунун соту Чынгыз Адамкулов 66 жаштагы аялды жана Улан Айнидиновду башка турак жай менен камсыз кылбастан үйдөн чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Сот доогер Талант уулунун айыпталуучулар Улан Айнидинов менен Жамалкан Эгимбаеванын спирт ичимдиктерине жакын деп аныктаган. Ошондой эле сот Улан Айнидиновдун иштей турганын, ал эми Жамалкан Эгимбаеванын көп жылдык иш стажынын негизинде чегерилген пенсиясы бар экенине карабай, доогер айыпталуучулардын кирешеси жок деп жүйө келтирген.
«Апамды үйдөн кууп чыгуу үчүн эжем жана жээним анын колун скотч менен ороп, аны жаман кылып көрсөтүү үчүн оозуна арак куюшкан. Сотто аны алкаш катары көрсөткөлөрү келип, кошуналарды күбө катары чакырууга көп аракет кылышты. Кошуналар апамдын эч качан спирт ичимдиктерин ичпей турганын, ал өмүр бою медайым болуп иштегенин жакшы билгендиктен алардын сунушуна макул болгон эмес», - деди Айнидинов.
Улгайып калган аял үйүнөн чыгарып жаткан кызы менен небересине каршылык көрсөтө албайт. Ал алсыз. Ошондой эле бир нече жолу операция болуп, ашказанын жарымын кестирген, жатыны алынган, андан тышкары инсульт алып, үчүнчү даражадагы гипертония оорусунан жабыркайт.
"Сотто, эжем үйгө акчаны өзү иштеп тапканын айтыптыр. Бирок, ал 2007-жылга чейин эч жерде иштеген эмес. Атактуу режиссер Б.Ш. аны, дачамды өрттөдү - деп айыптап чыккан. Ошол кезде, апам экөөбүз ага жардам берип, көп акча коротконбуз", - дейт Улан.
2021-жылдын 8-апрелинде сот аткаруучу милициянын жана эки адвокат Алия менен Зульфия Сагитовалардын коштоосунда келген.
"Сот аткаруучулардын келгенине карабастан адвокаттар Алия менен Зульфия Сагитовалар кары апаны үйдөн сүйрөп чыгып, үйдүн жанында милициянын унаасы жана тез жардам турганына карабастан өз машинесине салуу аракетин көрүшкөн", - деди ал.
Айнидинов тергөөчүнүн иш-аракетине даттанып райондук прокуратурага кайрылгандан кийин Октябрь районунун прокуратурасы иштин материалдарын изилдеп, тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып, материалдарды ушул райондун Ички иштер башкармалыгына кайра жөнөткөн.
Ошондой эле ал прокуратура ишти кайра жандандыргандан кийин да тергөөчү атайын ишти создуктуруп жатканын, ал эжесинин жактоочулары менен келишип алганын кошумчалады.