У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уу коргошун изилдөөдөн өткөн. Ал рак оорусун айыктырбайт


 Уу коргошун онкологиялык ооруларды айыктырбайт. Бул тууралуу химиотерапевт, 53 жылдык тажрыйбасы бар онколог Анархан Амираева 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтканына караганда, ал 1973-1974-жылдары акониттин рак оорусуна тийгизиген таасирин изилдеген. 
 
«Бул 750 келемиш боюнча эксперименталдык изилдөө болду, биз акониттин шишикке каршы жана анын канга тийгизген таасирин изилдедик. Келемиштерге даярдыкты Илимдер академиясы доктор Плеханова даярдаган. Алгач келемиштерде шишикти пайда кылып, андан кийин аконит менен дарылаганбыз. Уу коргошундун шишикке каршы таасири 0,02 пайызды түзгөн. Бул абдан аз, эч кандай натыйжа бербейт», - деди дарыгер.
 
Ошондой эле ал, ошол учурда эбегейсиз зор иш жасалганын, ар бир чычкан 250 рублдан турганын, Союз учурунда илим үчүн эч нерсе аябаганын билдирген. 
 
«Бул менин кандидаттык диссертациям болчу. 1974-жылы аны биздин Медициналык академияда коргогом, бирок Москва эмнегедир диссертацияны бекиткен эмес. Диссертация бүгүн Улуттук китепканада бар”, - деди Анархан Амираева.
 
Ал уу коргошун ден-соолук үчүн өтө кооптуу экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул боорго жана жүрөккө олуттуу таасир этет. 
 
«Илгертен бери рак менен ооругандар аконит жардам берет деп ойлошкон, бирок оору өтүшүп кетип оор абалга туш болгондо адамдардын бардыгы бизге, онкология борборуна кайрылышат. Аконит ошондой эле коронавируста иштебейт, анткени бул жаңы вирустук оору», - деди онколог.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter