У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрат Иманалиев: "Мария Айтматова улуу жазуучубуздун жан шериги, биринчи окурманы болгон"


Бүгүн, 21-апрелде дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Айтматовдун үй музейинде өтүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев сөз сүйлөдү.

"Орду толгус жоготуу болду. Биздин улуу жазуучубуз, улуу калемгерибиздин өмүрлүк жары Мария Айтматова капысынан акка моюн сунуп отурат. Ал биринчи кезекте маданияттын кишиси, маданияттын өкүлү. Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунун сценаристтик бөлүмүн окуп келип, кыргыз кинематографиясына эмгек кылган кишилердин бири. Бул киши алгачкы эле Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган "Бото көз булак" көркөм фильминде режиссёрдун ассистенти болуп таанылган. Андан кийин Кыргыз өлкөсүнүн кинематографисттер союзунда рецензет катарында бир топ көркөм фильмдерге рецензия жазып, алардын жарыкка чыгышына эмгек кылган. Чоң эмгектерди жасаган, улуу жазуучубуздун чыгармаларын кагазга түшүрүүдө, машинкага басууда да бу киши жан шериги, биринчи окурманы болгон", - деди Иманалиев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter