Бүгүн 2 бейтап көз жумуп, 225 адам коронавирус жуктурду
- 20.04.2021, 11:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Республика боюнча бир сутка ичинде 225 адамга коронавирус диагнозу коюлду. 2 бейтап каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары
Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, илдет жаңы аныкталган жарандардын 117си Бишкек шаарында катталды. Калгандары башка аймактардан жуктуруп алышкан.
Өлкөдө пандемия катталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.