Өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын насыясы жоюлбайт
- 19.04.2021, 17:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков билдирди.
Эске салсак, Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факт катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду.
"Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен", — деди Кармышаков.
Вице-премьер бир күндө же бир айда алардын маселесин чече калуу мүмкүн эместигин айтып, баары мыйзамдын негизинде жүрөрүн кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар бир аялдын маселеси жекече каралары чечилген."Элдин тынчын алган жеке менчик насыя берүүчүлөрдүн иши менен ИИМ иш алып барат. Банк системасы боюнча Улуттук банк менен аналитикалык иштерди жүргүзөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо жардам көрсөтөбүз. Баарынын көйгөйүн бир маалда чечип коюу мүмкүн эмес. Андай болбошу керек. Келишимге кол койгондон кийин аны аткарууга милдетүү", — деди ал.