Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы экөө ооруканада жатат
- 19.04.2021, 09:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жеңил унаа жолдон чыгып, 19 жаштагы эки кыз каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү саат 13:30 чамасында болгон. Анда 1968-жылы туулган жаран Хонда-Одиссей унаасын башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып ала салып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Кара-Талаа айылынын 2002-жылы туулган
А.Н. жана
К.Г. аттуу кыздар окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө.