У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тагдыр: Кайын энем ич кийимдеринен өйдө жуу дейт...


Бир үйдүн кичүү келинимин. Кайын ата-кайын эненин колунда калчу уул-келинбиз. Быйыл турмушка чыкканыма 5 жылдын жүзү болду. 2 уулубуз бар. Кайын энем жаш, анчалык картая элек, иштейт, өзүн аябай жакшы алып жүрөт. Үйдөгү тартипти жакшы сактайт, тагыраагы мени абдан катуу кармайт. Балдар менен бала басты болуп жүдөп калган учуруда жүдөө болсоң күйөөң кетип калат, тың бол деп көп урушчу. Үй оокаттарына да, сырттагы оокаттарга да жетишкенге аракеттенем.

Азыр кудайга шүгүр, балдарым буттары басып, бакчага жарап калышты. Эми ишке чыксамбы деп жатам. Жумушка чыгайын десем эле кайын энем урушунунуп, мени үйдөн чыгаргысы келбейт. Үйдү ким карайт, үйдө отур эле дей берет. Жолдошум менен урушуп кетпейин деп ага эч нерсе деп даттанбайм, бирок ал өзү деле сезет мамилебиздин бир аз татаал экенин. Кошуна, аяш келиндердин кайын энелери келиндери менен мынчалык катуу мамиледе эмес, кадимкидей эле кысылбай каалагандай жашашат башка келиндер. А мени болсо бош отургусу келбей эле кайын энем бүт түйшүктүн баарын мага үйө берет. Керек болсо төрөп келгенде 40 күнгө чейин тыңытышат го, меники 1 жумадан кийин эле оокат кыл деп баштайт.

Айтор мен жолдошум үчүн бардыгын көтөрө берем, бирок өзгөчө өзүнүн жеке гигиеналык ич кийимдеринен өйдө мени жуу дегени ызаландырат. Азыр баштагыдай чычалабай эле өзүм билип жууй берем. Бирок башка келиндердин кайын энелери 70 жашка чыкса деле өз алакандай кийимин өзү эле чайкап коет экен. Мени эмнеге мынча басмырлайт билбейм. Жолдошума уялып айтпайм, кантип апамдын ич кийиимин жуугум келбейт дейм? Ооба, мен келинмин, кызмат кылуум керек. Бирок ар нерсенин чеги болот го, керек болсо төрөп өстүргөн өзүмдүн апам экөөбүздүн ортобузда деле субординация бар. Мага кеңеш бериңиздерчи, жолдошума айтсамбы же өзүнө эле айтсамбы...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter