У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы мыйзам кабыл алынса, 9 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз киришет

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгиледи. "60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда", - деди. Алар Албания Республикасы, Болгария Республикасы, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль Мамлекети, Кипр Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Румыния Республикасы, Таиланд Королдугу, Мексикалык шошмо штаттары.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров тогуз мамлекет кайсы критерийдин негизинде тандалганын сурады.
Өкмөт өкүлү туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү максатында гана тандалганын жүйө келтирди.
Өз кезегинде Төрөбай Зулпукаров мындай критерий болбош керектигин белгиледи."Экономикалык абалын, соода катнаштарыбызды эске алуу менен жеңилдик берилиш керек болчу. Алсак Вьетнам өлкөсү менен алакаларыбыз анчалык деңгээлде эмес", - деди.

Ушундай эле пикирди айткан депутаттар Чынара Урумкалиева менен Махабат МавляноваАлбания, Вьетнам өлкөрүнүн ички дүң продукциясынын көлөмү да төмөндүгүн жүйө келтиришип, буга ылайык ал жактан туристтер келээрине ишеним аз экенине токтолушту.
"Туризмди өнүктүрөлү десек, бай мамлекеттердин жарандарына жеңилдик берүүгө басым жасашыбыз зарыл", - деди Махабат Мавлянова.
Ал эми депутат Дастан Бекешев башка өлкөлөргө да визасыз киргенге уруксат берүү керектигин билдирип, мыйзам долбоорун колдоорун кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter