Sputnik V вакцинасы менен Кыргызстанда эмдөө качан жүргүзүлөрү айтылды
- 14.04.2021, 17:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Sputnik V вакцинасы Кыргызстанга май же июнь айында келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Sputnik V вакцинасын алууну тездетүү максатында өкмөт 214 миллион сом бөлүп берди.
«Буга чейин биз Кытай бийлиги менен алардын вакцинасын жеткирүү боюнча макулдашканбыз. Алар бизге 150,000 доза Синофарм вакцинасын жеткиришти. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1100дөн ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Биз ушул күнгө чейин калктын калың катмарын камтыйбыз деп пландаштырганбыз, бирок Тышкы иштер министрлигинин кызматкери каза болуп, журналисттер аны коронавируска каршы эмдөөдөн улам каза болду деп жазгандыгына байланыштуу, эмдөө 2-3 күндүн токтоп калды», - деди Бейшеналиев.
Министр Тышкы иштер министрлигинин кызматкери анафилактикалык шоктон улам каза болгонун кошумчалады.