Тоң районундагы ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди
- 14.04.2021, 11:19,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган ата-энеси жок балдар
Э. Т уулу менен
Б.М турак жай куруу үчүн ар бири 15 сотыхтан жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энеси жок жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз кылынууга тийиш.
"Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо максатында Тоң райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акты киргизилген.Аны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 23-мартында Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечимдери менен жогорудагы өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилген жана аларга карата ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынды", - деп айтылат маалыматта.