У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте көчөдө, элдин көзүнчө аялын сабаган жаран колго түштү


Кечээ, 11-апрелде социалдык тармактарда Бишкекте кызды сабап жаткан видео тараган. Аталган жаран милиця кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат болжол менен 19:00 чамасында 102 кызматына Кустанайский жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран өзүнүн 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу аялын сабагандыгы белгилүү болгон. Аталган жаран Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти Биринчи Май РИИБинен


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter