У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ички иштер министри: "Шайлоо күнү жалпы 70 мыйзам бузуу катталды"


Ички иштер министри Улан Ниязбеков кечээ, 11-апрелде брифингде шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берип, алар тиешелүү териштирүүлөрдөн өтүп жаткандыгын билдирди.

Бүгүн саат 8:00дөн баштап мыйзам бузуулар боюнча жалпы 70 факты катталган. Бишкек шаары боюнча 18, Ош шаары боюнча 23, Чүй облусу боюнча 7, Жалал-Абад облусу боюнча 4, Ысык-Көл облусу боюнча 4, Нарын облусу боюнча 6, Ош облусу боюнча 5, Талас облусу боюнча 2, Баткен облусу боюнча 1 факты катталган. Жогоруда аталгандардын ичинен 30 факты тастыкталбагандыктан иш кагаздарынан чыгарылды. Бирок бул көрсөткүчтөр дагы өзгөрүшү толук мүмкүн.

Себеби мыйзам бузуулар өз учурунда билдирилбей, бүгүн же эртең кошумча маалымдалышы ыктымал. Тактап айтканда, активдүү жарандардан, коомдук уюмдардан, байкоочулардан келип түшкөн кайрылуулар, ЖМКга чагылдырган маалыматтар боюнча борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге азыркы тапта кошумча тактоо, ырастоо иштери жүргүзүлүп жатат. Айтылган фактылардын баары ички иштер органдарына катталып, тиешелүү териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ар бир факты боюнча сөзсүз түрдө юридикалык баалар берилип, жыйынтыктары чыгарылат”, - деди Ниязбеков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter