У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда биринчи жолу ректорлордун эл аралык форуму өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, "Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу" аталышындагы форум 5-8-сентябрда Бишкекте өтөт.

"Иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелери талкууланат. Форумга дүйнө жүзүнөн 200дөн ашык университеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Анын максаты дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Учурда форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, анын программасынын долбоору даярдалууда. Ошондой эле чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter