У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара -Суу районунда кайнатасын өлтүрүүгө шектелип күйөө баласы кармалды


Кара-Суу районунда 30 жаштагы А.А., кайнатасын өлтүрүүгө шектелип кармалган.Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 7-апрелде облустук ооруканадан милицияга бычактан менен жаракат алган эки бейтап жөнүндө билдирүү түшкөнү такталды. Каза болгондор 44 жаштагы Ж.Р жана анын 43 жаштагы аялы Ж.Н экени белгилүү болду. 7-апрелде эртең менен 44 жаштагы Ж.Р алган жаракатынан улам көз жумган. 
 
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 6-апрелде саат 23.20 чамасында 30 жаштагы А.А., аялынын ата-энесинин үйүнө балдарын көрүү үчүн келген. Кайнатасы аны үйгө киргизбей койгондо, ал анын мойнуна, колуна жана төшүнө 10дон ашык жолу бычактан жаракат келтирген. Кайненеси күйөө баласын ажыратууга аракет кылганда, ал аны да бычак менен сайып жиберип, кылмыш болгон жерден качып кеткен. 
 
 
Факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган. Шектүүнү райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармаган, ал  убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter