Кызды уурдоого шектелген жарандын буга чейин соттолгону белгилүү болду
- 08.04.2021, 11:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте уурдалып, Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадан сөөгү табылган кызды өлтүрүүгө шектүү адам мурда Орусияда соттолуп, 6 жыл камакта отуруп чыкканы айтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, инисинин айтканына караганда шектүү Россияда кылмыш жасап соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Анын аялы жана эки баласы бар. Замирбек Теңизбаев Россиядан Кыргызстанга 2017-жылы келген. Кыргызстанга келгенден бери такси айдап, батир жалдап жашап жаткан. Бирок акыркы айларда жашаган батиринен да чыгып, машиненин ичинде жашап жүргөн.
Милиция бул маалыматы текшерип жатат.