Акыркы бир жумада дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 11 пайызга өстү
- 07.04.2021, 14:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнөдө COVID-19 оорусунан улам өлүм көбөйгөнүн билдирди. Тиешелүү маалыматтар уюмдун жумалык эпидемиологиялык бюллетенинде келтирилген.
ДСУнун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада дүйнөдө коронавирустун курмандыктарынын саны 11 пайызга өстү - 71 миңден ашуун адам каза болду. Ошол эле учурда, уюм алтынчы жума катары менен вирусту жуктуруп алгандардын санынын өсүшүн каттайт - акыркы жети күндүн ичинде COVID-19 оорусунун төрт миллиондон ашык учурлары аныкталды.