Бүгүн сегиз медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды
- 07.04.2021, 12:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир күндө сегиз медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алышкан. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар: Бишкек шаарында-3, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 1, Ысык-Көлдө - 1, Таласта - 1 катталды.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4 миң 282, алардын 4 миң 215и айыгып чыгышкан.