Апрель айынын башынан бери 37 мектеп окуучусунун коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
- 06.04.2021, 11:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Апрель айынын башынан бери 37 мектеп окуучусу COVID-19 оорусу менен оорушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.
Анын айтымында, март айында мектеп жашындагы (7-14 жаш) балдар арасында 117 учур катталган. Мектепке чейинки курактагы балдардын арасында март айында 74, ал эми апрель айында 23 учур аныкталган.Министрдин орун басары кошумчалагандай, оорунун көбөйүшүнө аба ырайы да таасирин тийгизген.