Бүгүн, 6-апрелге карата өлкө боюнча 124 адам коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди. Илдет аныкталган байтаптар катталган аймактар: Бишкек шаарында - 77; Чүй олусунда - 43; Нарын облусунда - 3; Жалпы республика боюнча 89 миң 277 адам коронавирус илдетине кабылды.
Бүгүн, 6-апрелге карата өлкө боюнча 117 адам коронавирус илдетинен сакайды. Анын айтымында, коронавирус илдетинен сакайган эң көп бейтаптар Бишкек шаарында катталды. Бишкек шаары - 60; Ош шаары - 2; Чүй облусу - 41; Ош облусу - 1; Нарын облусу - 3; Ысык-Көл облусу - 8; Баткен облусу - 2.