У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте "Апрель баатырлары унутулбайт" аталышындагы иш-чара өтөт


Бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Апрель баатырлары унутулбайт" аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Иш-чара 7- апрель - Элдик революция күнүнө карата уюштурулуп, саат 18:00дө башталат.

Иш-чаранын алкагында аталган министрлик тарабынан жарыяланган “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар уулуң чагылганга” аттуу республикалык поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү чыгармаларын көркөм окуп, “Баатырларга” реквиеми жаңырат. Ошондой эле театрдын фойесинде "Элдик революция күнүнө" деген сүрөт көргөзмө орун алат.
7-апрель расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. 2010-жылдагы жалпы элдин бийликке каршы чыккан ал окуяларда 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун адам жаракат алган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter