У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус менен ооруп жаткан 36 адам реанимацияда дарыланууда


Бишкекте 435 керебеттүү 3 оорукана коронавирусу менен ооругандарды дарылоого кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди. 

Анын айтымында, учурда 342 бейтап дарылануудан өтүп жатат, анын 254ү орто деңгээлдеги, 60сы оор, 36сы өтө оор абалда, алар реанимацияда.


Учурда ооруканаларда 93 бош орун бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук транспортто, коомдук жайларда маска кийүүгө, аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырат



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter