У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2 жылдан бери мээнин рагы менен алышып жаткан Анастасия Заворотнюк айыгып калганы айтылды


2 жылдан бери мээнин рагы менен алышып жаткан Россиялык белгилүү алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюк айыгып, ден соолугу жакшырганын туугандары айтып чыгышты. Алар  актрисага "экинчи өмүр" берген дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда. 

"Бейтаптарды ажал оозунан сууруп чыгып экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазычылык. Жакындарыңыздар менен аман болуңуздар, бардык жакшылыктарды каалайбыз. Үмүт шооласын чачып жүрө бериңиздер", — дешкен алар.

Заворотнюктун ооруп калганы 2019-жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен артисттин жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң Заворотнюктун дарыланып жатканын билдиришкен. Акыркы маалыматтарда актрисанын саламаттыгы жакшырып баратканы айтылып келет.

Ушул жылы январда актрисанын кызы ал дарылануусун улантып жатканын айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter