Пара менен кармалган президенттик аппараттын мурунку кызматкери Самара Каримованын тоюна барды
- 05.04.2021, 09:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарында 30 жашы менен сахнадагы 10 жылдыгына карата той өткөргөн. Аталган тойдо тартылган видеолордон президенттик аппараттын басма сөз кызматынын мурунку жетекчиси Нургазы Анаркуловдун да отурганын көрүүгө болот.
Буга чейин ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.