У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто жасалма акча жасап жүргөн жаран кармалды

Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жасалма акча жасаган жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жана ыкчам маалыматтардын негизинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун Старая Покровка айылынын 34 жаштагы тургуну 2 миң доллар акчасын бирөөгө берип жаткан жеринен кармалган.

Кармалган учурда долларга окшогон акча каражаты табылган. Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, анын кортундусуна ылайык 20 даана 100 доллар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталган.
Шектүү жаран Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter