У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда 500дөн ашуун жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү


Бүгүнкү күндө 500дөн ашуун жаран коронавируска каршы вакцина алышкандыгын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи» радионун эфиринде билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, эмдөөдөн өткөндөрдүн 2-3 пайызынын дене табы көтрүлгөн, болжол менен 3,5 пайызында баш оору байкалган, алсыздык байкалгандар 6-7% түзгөн. Калгандары өздөрүн жакшы сезип жатышат. 
 
Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адам өзүн алып жүрүүсү жана көрсөтмөлөрдү так аткаруусу да маанилүү. Эмделген жерге 3 күн суу тийгизбөө керектигин кошумчалады министр.  
 
Эске салсак, кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болгон. Анын жакындары маркумдун Кытайдан келген «Синофарм» вакцинасын каза болорунан бир күн мурда алганын айтышууда. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги четке кагып, маркумдун эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган жок, бирок комиссия түзүлөрүн айтты. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter