У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында Жолон Мамытовдун 80 жылдыгы белгиленүүдө


Токтогул атындагы адабия сыйлыктын ээси, акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-апрелде 80 жашка толмок. Акындын мааракеси Ош шаарында белгиленет. Бул тууралуу Улутттук жазуучулар союзунан билдиришти. 

Жолон Мамытов 1940-жылы ушул күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-1962-жылдары Бишкектеги К.И Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө окуган.
1969-1971-жылдары Москвадагы Максим Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курстан билим алган.
Жолон Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы облустук "Ленин жолу" газетасына жарыяланган. Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында турат.

Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter