Бишкекте тойлорду, мааракелерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет
- 31.03.2021, 11:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте тойлорду, мааракелерди, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Айтымында, бүгүн республикалык штабдын жыйынында кандай чектөөлөр киргизилери кабыл алынат.
"Чектөө киргизүү боюнча чечим бар, бир нече убакыттан кийин маалыматты жарыялайбыз", - деди министр.
Буга чейин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына, Чүй өрөөнүнө жана Ысык-Көл облусунун бир катар райондоруна чектөөлөр киргизилери айтылган.