У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенге концерт койгону бараткан. Кырсыктан көз жумган ырчынын артында 3 баласы калды


Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, адам өлүмү катталгандыгы тууралуу кабарланган. 

Такталган маалымат боюнча, кечээ, 29-мартта саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Каза болгон аял тилекке каршы ырчы Нурзат Ажыгожоева болуп чыккан. Ырчынын жакын саналаштары маркумдун артында 3 баласы жана жолдошу калганын билдирди.

"Нурзат эже шайыр абдан жакшы адам эле. Артында 3 баласы калды. Ал чыгармачылык менен иштеп үй-бүлөсүн багып келген. Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ошончо узак жолго ырчыларды КамАЗ менен жөнөткөнү бизди айран таң кылып жатат. Алар болгондо дагы Баткен облусуна барып жатат. Аларды деген коопсуз болгон унаага салышы керек эле", - деди ырчынын жакындары. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter