У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды


Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаев маалымдаганын казак басылмалары жазышууда.

"Менин оюмча, Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды. Жай мезгили менен салыштырсак, бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда. Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу. Азыр Алматы оор кырдаалды башынан өткөрүүдө", — деди Сагинтаев.

Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганын айтып, ошол себептен ооругандардын саны бат өсүп жатканын белгилеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter