У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Адам сөөктөрү чыгып калып жатат". Токтогул суу сактагычында суу азайып кетти


Токтогул суу сактагычында суу азайгандыктан, адам сөөктөрү жээкке чыгып калууда. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Канат Абдыкеримов билдирип, маалыматты Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов тастыктады.

Анын айтымында, суу жээгине чыгып калган адам сөөктөрү 29-март күнү терилип, кан чыгарылып, көмүлөт. Учурда райондук администрация тарабынан жергиликтүү мекеме, ишкана өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Кожобергенов белгилегендей, жергиликтүү тургундар сөөк жыйноого жардам берет. Жергиликтүү жашоочулар адамдардын сөөктөрү Токтогул суу сактагычынын Үч-Терек жана Торкент айылдары тарапта жатканын кабарлашты. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter