У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үйлөнүү той күнү кырсыкка учурап, төрт адам каза болуп, үчөө жаракат алды


 21-мартта Кашкадарыя облусунун Мубарек районунда «Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгынан төрт адам каза болгонун Sevimli TVнын «Замон» программасы билдирди.
 
Телеканал билдиргендей, кырсык болгон күнү Каракум айылынын эки үй-бүлөсү үйлөнүү тоюн өткөрүүнү көздөшкөн. Үй-бүлө мүчөлөрү кырсыкка кабылган унаа менен жолго чыгышкан. Жолдогу коюу тумандан улам үй-бүлө мүчөлөрү кырсыкка кабылышкан. 
 
Кырсыктын кесепетинен күйөө баланын атасы жана анын эки тууганы ошол жерде каза болушкан, келиндин жеңеси ооруканада көз жумган. Унаанын ичинде жети адам болгон. Туманга карабастан, Нексиянын айдоочусу ылдамдыктын чегинен ашып, жүк ташуучу унаа менен кагышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter