Төртүнчү чейректе Бишкектеги мектептер толук ачылбайт
- 26.03.2021, 12:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектеги мектептер төртүнчү чейректе толук ачылбайт, айрым класстар онлайн режиминде окууну улантат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева брифингде билдирди.
“Буга чейин салттуу режимде билим алып жаткан класстар окуусун мектептен, ал эми (6, 7, 8, 10-класстар) азырынча онлайн режиминде окушат деп ойлойбуз. Кийинки эки-үч жума эпидемиологиялык кырдаалдын динамикасын көрсөтөт», - деди ал.