Бүгүн беш медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 26.03.2021, 10:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир сутка ичинде беш медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда катталган.
Жалпысынан COVID-19 менен ооруган медкызматкерлердин саны 4229га жетти, алардын 4196 айыгып кеткен.