Кыргызстанда сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашкан 12 район аныкталды
- 26.03.2021, 10:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда 12 район активдүү сейсмикалык зонада жайгашкан. Бул тууралуу жергиликтүү сейсмологдор менен чет элдик илимпоздордун изилдөөсүндө айтылат.
Документке ылайык, Чүй облусунда сеймикалык автивдүү зонага: Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда - Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, Баткен облусунда - Кадамжай району жана Нарын районунда - Кочкор району.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы социалдык инфраструктуранын сейсмикалык тобокелдиктерин баалоо бир нече жыл мурун Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен жүргүзүлгөн.