У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медайым бейтаптарга коронавирус жугузуп алуудан коркуп, өз жанын кыйды



Англиянын Плимут шаарында жайгашкан Деррифорд университетинин ооруканасынын медайымы бейтаптарга COVID-19 жуктуруп алгандан коркуп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу Daily Mirror гезити билдирет.
 
26 жаштагы Кэти Рейнольдс COVID-19 пандемиясын өтө оор кабыл алып, когнитивдик жүрүм-турум терапиясын алганы жаткан. Бирок өлкөдөгү коронавирустук кырдаалга байланыштуу дарылоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Аял гематология бөлүмүндө медайым болуп иштеп, күн сайын бейтаптардан коркуп турган.
 
Өлөрүнө бир нече жума калганда Рейнолдс кесиптешине кыйналып жатканын айткан. Ал жакшы уктабай, тынчсызданып, психикалык жактан чарчап жаткандыгынын айткан.
 
Акыркы беш-алты жумадан бери британиялык аял жөтөлүп, тамак оорусу менен ооруп келген. Ага үйдөн өзүн изоляциялап, дарылануу сунушталды. Аял COVID-19 илдетине чалдыкканын же башка ооруга чалдыккандыгын билген эмес. Ал жумушка кайтып келүүдөн коркконун мойнуна алды.
 
Рейнолдс акыркы үч күндөн бери үйдөн чыкпай калганда туугандары жана кошуналары тынчсызданып, анын үйүнө барышып, медайымдын каза болгонун билишкен. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter