У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында мугалимди атып кетишти


Кечээ,  23-мартта, Ош шаардагы №44 мектептин информатика мугалимин белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул тууралуу күч органдары маалымат таратты. 

Эртең менен Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында эркек кишинин сөөгү табылган. Саат 8:00 чамасында милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришкен. Сөөктү кароо учурунда денесинен учтуу буюмдун тактары табылган. Бул факт шаардык милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталды”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган кылмыш ишине шектүү адамдар изделип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийгендиги белгилүү болгон.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова маркум күндүз аталган орто мектепте информатика предмети боюнча сабак берип, кечинде таксист болуп иштеп жүргөндүгүн билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter