У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоого алгоритм иштеп чыгышты


 Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
 
 
Анын айтымында, алгоритмде бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер, макул жана каршы топтор жана алардын өкүлдөрү, шайлоого катышкан жарандар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон бир катар талаптар камтылган.
 
 
Эске салсак, референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде 28 шаарда жана 420 облуста өтөт. Бишкекте аларга 25 саясий партия катышат. Борбор калаа кеңеши 45 депутаттан турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter