У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандан аткезчилик жол менен жашылча-жемиштерди алып келе жаткан кыргыз жарандары кармалды


Баткенде Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен алып келе жаткан товарды токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара кызматкерлери аталган аймактын Кулунду айылында кызмат өтүп жатып, шек санаткан унааны токтотуп, текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен эки Кыргыз жараны Тажикстандан өлкөгө жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып келе жатканы аныкталган.

"Кармалган жүктүн көлөмү болжол менен 5 тоннаны түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик менен алып келе жаткан товардын жалпы баасы 530 миң сомдон ашык сумманы түзөт.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар, унаалар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter