У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткендин ЖКККБ башчысы адам өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө

 
Баткенде ишкерди өлтүрүүгө буйрутма берген деп шектелген Баткен ОИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги изделүүдө. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, М.Н. аттуу милициянын подполковниги Тажикстандын аймагына качып кеткен деп изделип жатат.
Эске салсак, буга чейин милиционер киши өлтүрүү иши боюнча камакка алынып, дагы бири изделип жаткан. 
Кармалган милиция кызматкери Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинген. Тергөөчүлөр Жазык кодексинин 39-беренесинин ("Киши өлтүрүүгө аракеттенүү") негизинде кылмыш ишин козгошкон.

Маалыматта жазылгандай, 2008-жылдын 8-июлунда кечки саат 21:30дар чамасында Сүлүктү шаарынын Элмуратов көчөсүндө белгисиз төрт жаран 32 жаштагы Т.М. аттуу жергиликтүү ишкерге кол салып, сабап, из жашырып кеткен.

"Аларга буйрутманы азыркы тапта изделип жаткан подполковник бериши мүмкүн. Себеби сабалган ишкер менен подполковниктин жакыны делген дагы бир ишкердин ортосунда чыр чыккан. Алар Сүлүктү шаарындагы көмүр кенин иштетишчү. Тергөөнүн версиясы боюнча чырдан кийин изделип жаткан милиция кызматкери жергиликтүү тургунга ишкерди өлтүрүү боюнча буйрутма берген. Натыйжада ишкерге кол салуу болуп, бирок ал аман калган. Кийин окуяга тиешеси бар делип С.С. аттуу 23 жаштагы киши укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, Сүлүктү шаардык соту тарабынан 2015-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал буйрутма берди делген подполковниктин атын атаган эмес. 2020-жылы эркиндикке чыгып, буйрутма берген тараптан акчасын талап кылган. Башында акчасын төлөп турган тарап кийин андан баш тарткан", — де1т маалыматта.

Абакта отуруп чыккан киши кийин 2 миллион сомдун 500 миңин ала албай калганын айтып подполковниктин үстүнөн прокуратурага арыз жазган. М.Н. ошол арыздын негизинде изделип жатат.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter