У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үйлөнүү үлпөт тоюна бара жаткан лимузин өрттөнүп кетти. Унаанын ичинде колукту жана анын атасы болгон


 Американын Лас Вегас шаарында үйлөнүү үлпөтүнө бара жаткан колуктусу бар лимузин өрттөнүп кетти. КТНВ-ТВ билдирди.
 
Келин, анын атасы жана коноктору отурган унаа үйлөнүү үлпөт чиркөөсүн көздөй бет алган. Колукту жолдо күйүп жаткан жытты сезген, бир аздан кийин айдоочунун отургучунун астынан түтүн чыга баштаган. Айдоочу унааны токтотуп, жүргүнчүлөрдү унаадан чыгарган. 
 
Өрт өчүргүчтөр келгенде, лимузиндин ичи жалынга оролгон. Өрттүн себеби тактала элек. Тойдун  катышуучулары эч кандай жаракат алышкан жок жана башка унаа менен чиркөөгө жетишкен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter