Депутат Кубадан Германияга учуп баратканда каза болду
- 22.03.2021, 12:12,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Германия парламентинин (Бундестаг) депутаты Карин Стренц Кубадан Германияга учуп бара жатып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Ал 53 жашта эле. Кесиптеши Лаут Реберг түшүндүргөндөй, Стренц учуу учурунда эсин жоготкон, учак Ирландиянын Дублин шаарына шашылыш конуп, бирок дарыгерлер бейтапты сактап кала алышкан эмес.
Ал бийликтеги Христиан-Демократиялык Союз партиясынын мүчөсү болгон.