У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Инисинин өлүмүнө шектелип кармалган агасы эки айга камакка алынды


 Мурас-Ордо конушундагы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалган өспүрүм Бишкек шаарындагы тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 
 
Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту 18-мартта кабыл алган. Белгиленгендей, 16 жаштагы өспүрүм эки айга чейин абакта болот.
 
Эскерте кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо конушунан бычакталып каза болгон 5-класстын окуучусунун сөөгү табылган. Сөөктү баланын энеси биринчи көргөн. Каза болгон А.М. 13 жашта болчу, анын туугандарынын айтымында, ал талма оорусу менен ооруган. Баланын өлүмүнө бир тууган 10-класста окуган агасы шектелүүдө. Алар окуя болгон күнү уруша кетип, агасы инисин бычак менен сайып салган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter