У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматы шаарында карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү


Казакстандын Алматы шаарында бүгүн, 20-марттан тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Мындай токтомго Алматы шаарындагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин кол койду.

Эми шаардагы коомдук транспорттор жумуш күндөрү кадимки режимде каттаса, эс алуу жана майрам күндөрү саат 06:00 — 10:00, кечинде саат 17:00 — 22:00 аралыгында каттайт.

Соода борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Жумуш күндөрү саат 10:00 — 21:00 аралыгында ачык болот.
Супермаркет, гипермаркет жана азык-түлүк түйүндөрү саат 06:00 — 02:00 аралыгында, азык-түлүк дүкөндөрү менен кичи маркеттер саат 06:00 — 24:00 аралыгында иштейт.

Ал эми базарлар жумуш күндөрү саат 06:00 — 17:00 аралыгында ачык болсо, ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Мындан тышкары дагы бир катар жайларда чектөөлөр болору айтылды.
Кошумчалай кетсек, коронавирус күч алганына байланыштуу кошуна өлкө Өзбекстандын борбор калаасындагы базарларда да чектөөлөр күчөтүлгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter