Коронавирустан каза болгон дарыгердин аты ФАПка берилди
- 19.03.2021, 14:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сокулук районунун Комсомол айылындагы фельдшердик жана акушердик пунктка (ФАП) 2020-жылдын июнь айында иш үстүндө жүрүп коронавирус жуктуруп алып каза болгон, врач-кардиолог Күмүшбек Алтыкеевдин ысымы берилди.
Аталган медициналык жайга дарыгердин атын ыйгаруу аземи 19-мартта болду. Күмүшбек Алтыкеев 2020-жылдын 16-июлунда пневмония болуп ооруп каза болгон.
Иш-чарага ФАПтын жааматы, Комсомол айылдык кеңештин депутаттары жана маркумдун туугандары катышты.