У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө белгисиз адамдар үч кишини атып кетишти. Эки адам каза болду


Өзгөн районунда ок атуудан эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 
 
19-мартта саат 03.35тө райондук ооруканадан милицияга октон жаракат алган эки бейтап жөнүндө билдирүү түшкөнү такталды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталган. 
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч жаранга таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган. 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. Үчүнчү жабырлануучунун абалы оор экени айтылды. Ал учурда Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат. 
 
«Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат»,-деп билдирди милициядан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter