У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Кыргызстанга 1 миллион 500 миң китеп берди


АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстанга 1 миллион 500 миң китеп берди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган уюм мектептерге жана китепканаларга кенже курактагы балдар үчүн китептерди берди.

"Окуу сааты" долбоорунун алкагында, Кыргыз өлкөсүндөгү 900 мектепке кенже класстар үчүн китептер берилди. Китептер жергиликтүү автор жана сүрөтчүлөрдүн катышуусунда даярдалган. Кенже класстарды окутуу боюнча 9 миңден ашуун мугалим окутуудан өттү. Эми окутуучулардын керектүү каражаттары бар", - деп жазылат маалыматта.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) "Окуу сааты" долбоору 2016-жылдан бери иштеп келүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter